Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө соода түйүндөрүндө накталай эмес төлөмгө карата мониторинг жүргүзүлдү

Ысык-Көлдө соода түйүндөрүндө накталай эмес төлөмгө карата мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуттук банктын Ысык-Көл облустук башкармалыгынын кызматкерлери Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери менен биргеликте, Каракол шаарында жайгашкан соода-тейлөө ишканаларында товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу үчүн банктык жана/же башка жабдуулардын (анын ичинде QR-коддун) болушуна мониторинг жүргүздү.

"Мониторингдин жүрүшүндө товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу үчүн банктык жана/же башка жабдуулар (анын ичинде QR-коду) жок соода-тейлөө ишканаларына Өкмөттүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 869 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомун аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан