Англиянын "Ливерпуль" футболдук клубунун чабуулчусу Луис Диастын атасы уурдалгандан 13 күндөн кийин бошотулду. Бул тууралуу белгилүү спорт журналисти Фабрисио Романо жазды.
Футболчунун ата-энеси Мануэль Диас менен Силенис Маруланда 28-октябрда Колумбиянын Гуажира штатында уурдалган. Футболчунун апасы бир нече сааттан кийин бошотулган, бирок анын атасы кылмышкерлер менен дээрлик эки жума болгон. Ал азыр БУУнун кызматкерлери менен бирге.
Футболчунун атасын табуу үчүн штат аймагында көп сандаган укук коргоо кызматкерлери тартылган масштабдуу операция жүргүзүлдү. Аракет өз жемишин берди.
5-ноябрдагы "Лутон" клубуна каршы оюнда Луис Диас оюнга "Атама боштондук" деген жазуусу бар футболка кийип чыкты.