Илияз Иманбетов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган. Жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Илияз Иманбетов Ысык-Көл облусунун губернатору болуп былтыр, 2022-жылдын сентябрь айында дайындалган.