Социалдык тармактарга кыз узатуу тойго аскер кызматкеринин кийимин кийген адамды куралчандар коштоп келген видео тарады.
Видео талкууга алынып жатканда Коргоо министрлиги бул видео боюнча үн катты. Министрликтин маалыматына ылайык, тойго аскер кийимин кийип келген жана жанындагы куралчан адамдар министрликтин кызматкерлери эмес.