Биз социалдык тармакта

"Сосновкада" оор жүк ташуучу унааларга кайрадан чектөө кирди

Бүгүн, 12-ноябрда аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

"Аба-ырайы кескин өзгөрүп кеткендигине байланыштуу Төө-Ашууда кар жаап жатат, жол кырсыктардын алдын алуу жана болтурбоо максатында чоң жүк ташуучу унааларга саат 10:30 баштап четкөөлөр киргизилди. Чүй облусун жол кыймылынын коопсуздугу айдоочулардан суранып кетет, “Бишкек-Ош” унаа жолуна сапарга чыккан айдоочуларга унааны кышкы дөңгөлөккө өтүүсүн, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сакташы зарыл экендигин жана карама каршы тилкеге жыкпай айдоону эскертет", - деп жазылат билдирүүдө.

Учурда кызматкерлер Бишкек-Ош унаа жолунда кызмат өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан