Биз социалдык тармакта

Үйү өрттөнүп кеткен экс-депутат Ыргал Кадыралиева жардам бергендерге ыраазычылык айтты

Бишкекте үйү өрттөнүп кеткен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиева социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жардам бергендерге ыраазычылыгын билдирди.

"Кечээ, бүгүн бизге 30дай жигиттер келип, үйдүн күйүгүн тазалап алдык. Документтерди алып чыгууга жардам берген жигитке (тааный албай калдык) рахмат. Кошуналарыма, сурап, жардам берип жаткан баарыңыздарга терең ыраазычылык. Ар бир колдооңуздар, сөзүңүздөр мен үчүн зарыл", - деп жазды ал.

10-ноябрда Бишкектеги Баха жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жердеги турак үйдөн өрт чыккан. Кийинчерээк өттөнүп жаткан турак үй Ыргал Кадыралиеваныкы экени белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан