Сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу, бүгүн 13-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылды.
Тилсиз жоо катталган аймактар:
Бишкек шаары – 1;
Ош шаары – 1;
Ош облусу – 2;
Чүй облусу – 2;
Жалал-Абад облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 1;
Талас облусу – 1.