Биз социалдык тармакта

Баткен облусунда ишкерлерге 145 миллион сом насыя берилди

Баткен облусундагы ишкерлерге 145,1 миллион сом берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдирди.
Каражат аймакка жеңилдетилген насыя берүүнүн алкагында бөлүнгөн.
"Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын эки коммерциялык банкы катышууда. Аларды кредиттөө көлөмү 350,0 миллион сомду түзүүдө. 9-ноябрга карата долбоордун алкагында Баткен облусунун 162 ишкердик субъекттерине 145,1 миллион сом жеңилдетилген насыя берилди", - деп айтылат маалыматта.

Долбоордун максаты - Баткен облусун андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъектилерине жана жеке жактарга жеткиликтүү, жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан