Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун жээни, ырчы Элмурат Калыбеков (KG Элмурат) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылды. Мындай маалымат ырчынын өзү менен байланышканыбызда белгилүү болду.
Сурак бүгүн, 13-ноябрда саат 15:00гө белгиленди. Ырчы өзү айткандай, аны УКМКнын шаардык бөлүмүнө чакыруу кагазы берилбестен телефон аркылуу чакырышкан.
Элмурат Калыбеков Адахан Мадумаровдун карындашынын уулу. Ал ошондой эле Мадумаровду колдоо митингдерине активдүү катышып келет.