Биз социалдык тармакта

Кызамыкка чалдыккандардын саны 3 618ге жетти. Алардын дээрлик бардыгы эмделбегендер

Жыл башынан бери кызамык менен ооруган 3 618 учур аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ооругандардын 88 пайызы же 3 195 учур 10 жашка чейинки балдар арасында аныкталып, ооругандардын 87 пайызы же 3 140 бейтап ар кандай себептер менен эмдөө албаганы белгилүү болду.

Эң көп катталган аймак Бишкек шаары – 1076 учур болуп калды. Ош шаары – 333, Ош облусу – 695, Баткен облусу – 96, Жалал-Абад облусу – 650, Чүй облусу – 562, Талас облусу – 95, Ысык-Көл облусу – 72, Нарын облусунда – 39 учур катталды.

Буга байланыштуу медицина кызматкерлери активдүү очоктордо күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан