Бишкекте жаңы сквер жана веложол ачылганын бүгүн, 13-ноябрда калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаңы сквер Ынтымак конушундагы Садырбаев жана Сакалдуу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
"Жалпы аянты 0,60 гектарды түзгөн скверде балдар, воркаут аянтчасы курулуп, велосипед тебүүгө ылайыкталган. Ошондой эле сейил бакка ирригациялык система орнотулуп, жарыктандырылды, брусчатка төшөлүп, бак-дарактар отургузулду", - деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин веложол жана тротуар салынды. Жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун жалпы узундугу 2,7 чакырым, туурасы 3 метр, веложолдун туурасы 2 метрди түзөт.