Бүгүн, 14-ноябрда Бишкек шаардык мэриясынын жамааты борбор калаанын мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыровду узатышканын мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Ага ылайык, калаа башчысы Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев экс-мэрди борбор калааны өнүктүрүүгө зор салым кошкондугу үчүн мэриянын "Алтын Төш белгиси" менен сыйлашты.
Жыйынтыктоочу сөзүндө Эмилбек Абдыкадыров мэриянын жамаатына биргелешкен иши үчүн ыраазычылык билдирди.
Эскерте кетсек, 31-октябрда Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэри кызматынан бошотулган. Анын ордуна Айбек Жунушалиев мэр болгон.
Абдыкадыров 10-ноябрда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.