Талас шаарында мындан бир нече күн мурун курулган балдар аянтчасын бузушуп, айрым жабдыктарын көтөрүп кетишкен. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриясынан кабарлашты.
"А.Огомбаев көчөсүндөгү №105 көп кабаттуу үйдүн короосуна балдар ойноочу аянтча курулган.
Тилекке каршы аталган аянтчанын балдарга ылайыкталган отургучтары белгисиз кайдыгер жарандар тарабынан бүлдүрүлүп, айрым жабдыктары түп орду менен жулунуп кеткен", - деп билдиришти мэриядан.
Талас шаарынын мэриясы шаардыктардан атайын балдарга арналып жасалган балдар аянтчасына аяр мамиле кылууга, девианттык жүрүм-турумдардан оолак болууга, бар нерсени барктоого чакырды.
Анткени балдар ойноочу аянтча чоңдор үчүн эмес атайын балдардын көңүлүн көтөрүү, балдарга жакшы маанай тартуулоо максатында курулган.