Биз социалдык тармакта

Бишкек мэриясы 2 кабаттуу бала бакча курууга сынак жарыялады

Капиталдык курулуш башкармалыгы сынак жарыялайт. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Капиталдык курулуш башкармалыгы Чокморов көчөсү 253 дарегинде жайгашкан №8 бала бакчага 2 кабаттуу, 90 орундуу кошумча корпус курууга сынак жарыялады.

"Имараттын жалпы аянты – 987,90 чарчы метр.

Сметалык наркы – 75 241 136 миң сом

Объектин курулушу шаардык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт",-деп айтылат маалыматта.

Сынак тууралуу толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: www.zakupki.gov.kg.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан