Бишкектин Бакай-Ата конушунда үй-бүлөлүк медицина борборунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, иш-чарага Жогорку Кеңешинин депутаты жана район башчысы, ошондой эле Катар кайрымдуулук фондунун жетекчилери катышты.
Белгилей кетсек, амбулаториянын жалпы аянты 363 чарчы метрди түзөт. Борбор керектүү заманбап медициналык жабдуулар жана эмеректер менен жабдылган. Медициналык мекеме калкка алгачкы жардам көрсөтүүгө жана оорулардын алдын алууга багытталган, оорулардын себебин өз убагында аныктоого мүмкүндүк берет.
Эскерте кетсек, үй-бүлөлүк медицина борборунун курулушу Катар кайрымдуулук фонду менен биргеликте каржыланган.