Казакстандын Алматы шаарында өткөн Эл аралык мелдеште кыргызстандык спортчулар Уркуя Эшмамбет кызы менен Бегимжан Касымова коло медаль тагынышты. Бул тууралуу КРнын Бокс федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Казакстандын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Менгерей Хайрутдиновдун жаркын элесине арналган мелдеште кыздар арасындагы тирештерде кыргызстандык Уркуя Эшмамбет кызы 69 килограмм салмакта, ал эми Бегимжан Касымова 80 килограмм салмакта коло медаль тагынышты.