Биз социалдык тармакта

Бишкектин айрым унаа жолдору 16-17-ноябрда жабылат

16-17-ноябрда Бишкектин айрым көчөлөрүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда ЖКККББнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү борбор калаада КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөрү белгиленди.

Мындан улам төмөнкү жолдор тосулат:

- Фучик көчөсү. «Манас» аэропортунан Жибек Жолу проспектисине чейин;

- Жибек Жолу проспектисинен Манас проспектисине чейин;

- Манас проспектиси мамлекеттик резиденцияга чейин;

- Медеров көчөсү. Байтик баатыр көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейин.

"ЖКККББ мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине автоунаа калтырбоого, оор жүк ташуучу айдоочуларды зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууга жана жалпы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырды", - деп айтылат маалыматта.

Кырдаалга жараша башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан