Нарын шаарында банкоматта кезек күткүсү келбеген жаран алдында кезекте турган кызды сабап салган видео социалдык тармактарга тарады.
Видеодо көрүнгөндөй, банкоматта кезекте 10 чакты адам турган. Анда белгисиз адам алдында турган кыз менен кыска сүйлөшүп, андан кийин аны чаап жиберген. Окуя болгон жердеги адамдар ажыратканына карабай ал кызга кайра жулунган.