А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театры Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өтүп жаткан 4-эл аралык театр фестивалына катышып жатат. Бул туурасында Маданият министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, фестиваль 14-ноябрда башталган, 16-ноябрда аяктайт.
Анда Кыргызстандан барган театр өкүлдөрү түркмөн акыны жана ойчулу Мактумгулунун өмүр таржымалы, чыгармачылыгы тууралуу даярдалган “Пырагы” спектаклин тартуулашат.