Биз социалдык тармакта

Бишкекте таштандыга ыргытылган ымыркайды тапкан чет элдик студент сыйланды

Бишкекте таштанды челектен ымыркайды тапкан чет элдик студент сыйланды. Бул тууралуу Октябрь райондук администрациясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, таштанды челектен ымыркайды таап, аны милиция жана дарыгер кызматкерлерине кабарлаган студент Мухаммад Закирия Хан Октябрь администрациясынын ыраазычылык каты менен сыйланды.

Эске салсак, 8-ноябрда Бишкектеги Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен ымыркай табылып, №1 төрөт үйүнө оор абалда жеткирилген. Ымыркайдын абалы турукташып, дарыгерлер ага Садыр деген ысым ыйгарышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан