Нарында кызды сабаган жаран эпилепсия менен жабыркай турганы белгилүү болду

Нарын шаарындагы соода борборлордун биринде жаш кызды сабаган жаран талма оорусу менен жабыркап келген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кызды сабоого шектүүгө 2012-жылы талма оорусу бар (Легкая деменция при эпилепсии) деген тактама берилген.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча шектүүгө карата юридикалык баа берилет.

Кечээ, 14-ноябрда Нарындагы соода борборлордун биринде кезек күткүсү келбеген жаран кызды сабап салган видеосу социалдык тармактарга тараган. Өз кезегинде Нарын облустук ички иштер башкармалыгы шектүү кармалганын билдирген.

Нарында кезек күткүсү келбеген жаран кызды сабап салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан