Биз социалдык тармакта

"Тазалык" ишканасы 530 даана таштанды контейнерин сатып алды

"Тазалык" муниципалдык ишканасы 530 даана жаңы контейнер сатып алганын Бишкек шаардык мэриясы бүгүн, 15-ноябрда кабарлады.

Маалыматка ылайык, мэрияга караган "Тазалык" муниципалдык ишканасы таштанды контейнерлерин жаңылоо иштерин жүргүзүп жатат.

"Ошентип 82 контейнер шаардын төрт районуна таратылып, алардын ар бири өз түсүнө боёлот. Тешилген, сынган контейнерлер дагы оңдолот. Ал эми жаңы контейнерлер жараксыз болуп калгандардын ордуна алмаштырылат" деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, контейнерлер акыркы жолу 2015-жылы жаңыртылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан