Нарында дайынсыз болгон шаар тургунун издөөгө 36 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кабарлангандай, Нарын шаарынын 53 жаштагы С.В. аттуу тургуну 11-ноябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Учурда аталган жаранды куткаруучулар шаардын ички көчөлөрүн жана Нарын дарыясынын жээктеринен, аралдардан издеп жатат.
Буга чейин дагы куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, бирок издөө натыйжа бере элек.