Бүгүн, 15-ноябрда Баткен шаарында “Алтын күз” эл аралык айыл чарба жарманкеси өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, аталган иш-чара Баткен району менен Баткен шаарынын Өзбекстандын Рыштан жана Сох райондорунун дыйкан фермерлеринин, ишкерлерин колдоо жана кызматташуусуна шарт түзүү максатында уюштурулган.
Жарманкеге аталган райондордун айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр органикалык таза, натуралдуу азык-түлүктөрүн алып келишкен.