Кочкор районунда жыл аягына чейин жаңы мектеп ишке кирет. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, аталган райондун Кара-Тоо айылындагы Шарыпбек Абдылдаев атындагы орто мектеби 275 орундуу. Мектептин капсуласы 3 жыл мурда салынган. Учурда курулуштун 80-90 пайызы бүткөрүлдү.
Кошумчалангандай, билим уясына республикалык бюджеттен 65 миллион сом жумшалган. Имаратты декабрь айында пайдаланууга берүү мерчемделген.
Белгилей кетсек, ушул жылдын аягына чейин республика боюнча 100 мектептин курулушу бүткөрүлүп, ишке берилет.