Ош облусунун Өзгөн районундагы жол кырсыгы катталып, 3 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалымдалгандай, кырсык 13-ноябрь күнү орун алган. Lexus 570 үлгүсүндөгү унаада 5 киши болгон.
Алар Оштон Жалал-Абадды көздөй бара жатышкан. Айдоочу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Натыйжада 3 киши каза болсо, 2 киши ооруканада дарыланып жатат.