Оштун Кара-Кулжа районунда баасы 61 миллион сомго бүткөрүлгөн жаңы мектеп ишке берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган райондун Тегерек-Саз айылында жайгашкан Б.Эркинбаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын ачылыш аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана элеттиктер катышты.
Эске салсак, билим уянын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2021-жылы башталган. Долбоордун жалпы сметалык баасы 60 миллион 998 миң сомду түзгөн.
Куруу иштери “Улар-Транс” ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылды.