
Белгилүү саясий жана коомдук ишмер, профессор
Топчубек Тургуналиев 82 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргыз улуттук “Манас” театры билдирди.
"Топчубек Тургуналиев "Манас" эпосун жайылтууда опол тоодой салым кошкондордун бири. Алсак, Ишеналы Арабаев атындагы университетте ”Манас таануу” институтун ачууда, ошону менен катар "Манас" жана Ч.Айтматов атындагы улуттук академияны ачып, негиздөөдө эмгеги ат көтөргүс. Аксакал катары калыстык кебин айтып, өз пикири, үнү менен өчпөс тарых жасады. Даанышман аксакалыбыздын жаркын элеси түбөлүккө биз менен", - деп жазылат билдирүүдө.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Топчубек Тургуналиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.