Биз социалдык тармакта

"Күн ачык болот". 16-ноябрга күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 16-ноябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз +15…+20,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн үшүк жүрөт, +2…+7, күндүз +17…+22,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12,

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-4, күндүз +6…+11.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +18…+20 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан