Эртең, 16-ноябрь саат 08:00дөн тарта айрым троллейбус каттамдары убактылуу каттабайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда "Бишкек троллейбус башкармалыгынан" билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-17-ноябрь күндөрү Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт.
"Делегацияларды өткөрүү учурунда Бишкектин айрым көчөлөрүндө чектөөлөр киргизилет. Буга байланыштуу 16-ноябрда саат 8:00дөн баштап №5, 6, 11 жана 14-троллейбустардын кыймылы убактылуу токтотулат. Жолдордун ачылышы жана жабылышы тууралуу алдын ала маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.