
Жалал-Абад шаарында бош жумуш орундарынын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Белгиленгендей, жарманкеде 2 миңден ашык бош иш орундары сунушталып, Жалал-Абаддын 50дөн ашык алдыңкы ишканалары катышат.
Жарманке 22-ноябрь күнү саат 10:00дөн 12:00гө чейин Барпы атындагы Кыргыз драма театрынын алдында өтөт.