Биз социалдык тармакта

Бишкекте “Коомдук транспорттун мыкты айдоочусу” сынагы башталды

Бишкекте “Коомдук транспорттун мыкты айдоочусу” сынагы башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдирди.

Маалымдалгандай, аталган сынак үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрынан 16-декабрына чейин жарыяланды. Ага автобустар, троллейбустар жана кичи автобустардын айдоочулары катыша алат. Иш-чаранын максаты - коомдук транспорттун шарттарын жакшыртуу.

Эң мыкты айдоочу төмөнкү критерийлердин негизинде аныкталат:
- көрүнүшү;
- айдоо стили;
- жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты;
- транспорттун ичинин тазалыгы;
- накталай эмес төлөм жолу менен жүргүнчүлөрдү ташуу.

Ал үчүн шаар тургундары өзүнө жаккан айдоочунун сүрөтүн, ошондой эле транспорттун сүрөтүн жана мамлекеттик номерин WhatsApp +996 555 977 994 номерине жөнөтүп добуш берсе болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан