Биз социалдык тармакта

Энергетика министрлиги жарыкты сарамжалдуу пайдаланууга чакырды

Энергетика министрлиги кыргызстандыктарды жарыкты сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.

Министрлик электр энергиясын үнөмдөөчү лампа колдонуу жылына 170 киловатт саат үнөмдөй тургандыгын билдирет.

Керектөөчүлөр үчүн жарыкты үнөмдөөнүн эң жөнөкөй жолдору:

  • Колдонуп жаткан лампаларды, айнек терезелерди чаңдан тазалап туруу;
  • Бөлмөдөн чыгып бара жатып жарыкты өчүрүп туруу;
  • Үй тиричилигин сатып алууда электр жабдуулардын энергия сарптоочу классына көңүл бөлүү;
  • Сыналгы, планшет, уюлдук телефон жана башка электр жабдуулардын кубаттагычын сууруп туруу;
  • Чаң соргучту тез-тезден тазалап туруу;

Министрлик ушундай эң жөнөкөй жолдорду аткаруу менен үй-бүлөлүк чыгымдарды азайтууга болорун эске салат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан