Бүгүн, 16-ноябрда Жалал-Абад шаарында Бүткүл дүйнөлүк айымдардын ишкердик күнүнө карата "Өнөктөштүктүн жаңы жолдору" аталышындагы ишкер айымдардын улуттук форуму өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара ЮСАИДдин "Агросода" долбоору жана "Курак" айымдар форуму коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулду. Ага бийлик өкүлдөрү жана облус аймагынан келген ишкер айымдар катышты.
Жыйында ийгиликтүү ишкер айымдар өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, андан ары өнүктүрүү жолдорун талкуулашты.
Белгилей кетсек, "Курак" аялдар форуму коомдук бирикмеси Кыргызстанда айымдардын ишкердигин колдоо жана илгерилетүү багытында иш алып барат.