Биз социалдык тармакта

Эртең Бишкекте бардык троллейбус каттамдары токтотулат

Эртең, 17-ноябрда Бишкекте саат 8:30да жолдор жабылып, бардык троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда "Бишкек троллейбус башкармалыгынан" билдиришти.

Маалым болгондой, мындай чаралар КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясын өткөрүүгө байланыштуу.

Жолдордун ачылышы жана жабылышы тууралуу алдын ала маалымат берилет.

Бишкек шаардык мэриясы шаардыктардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан