Биз социалдык тармакта

Улуттук онкология жана гематология борборунда маммология бөлүмү оңдоп-түзөөдөн өттү

Улуттук онкология жана гематология борборунда маммология бөлүмү оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Маалым болгондой, эмчек рагы менен ооруган аялдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында Улуттук онкология жана гематология борборунда 30 койкалуу жаңыланган маммология бөлүмү ачылды.

Бул хирургиялык бөлүмдөгү аялдар бөлмөлөрүндө бейтаптардын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн бардык зарыл шарттар бар. Ар бир бөлмөдө жуунуучу жайлар, жекече кам көрүү жана операциядан кийин аялдар үчүн коопсуз шарттар түзүлгөн.

Белгилей кетсек, бул бөлүм бейтаптарды психологиялык жактан колдоого да көңүл бурат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан