Биз социалдык тармакта

Бишкектеги №107 маршруттук каттамга 14 автобус киргизилди

Бишкектеги №107 маршрутту мындан ары мэриянын муниципалдык ишканасы тейлейт. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда калаа мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта мындай чечим шаардын транспорт тармагын оптималдаштыруунун жана тургундардын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен ведомстволор аралык комиссия тарабынан кабыл алынганы белгиленет.

"Эми №107 кичи автобустун ордуна ушул эле номердеги автобустар жүрө баштады. Маршрут Арча-Бешик конушунан Ак-Босого конушуна чейин созулат", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошону менен шаардын түштүк жана түндүк тарабын да камтып, жолдун узундугу 38 чакырым, автобустардын аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт. Бул линияга 14 автобус чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан