Биз социалдык тармакта

Ошто куткаруучулар бекилип калган үйдүн эшигин ачып, 2 жана 4 жаштагы балдарды куткарышты

Ошто куткаруучулар бекилип калган эшикти ачып, 2 жана 4 жаштагы балдарды куткарышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Оштун Кара-Суу көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган жаран батирине кире албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Батирдин ичинде 2 жана 4 жашар балдар болгон.

"Жерине келген куткаруучулар тобу 4-кабаттан 3-кабатка терезе аркылуу кирип эшикти ачып, балдарды ата-энесине өткөрүп беришти. Балдар медициналык жардамга муктаж эмес.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары балдардын жакындары менен профилактикалык баарлашуу өткөрүп, баланы кароосуз калтырбоого чакырышты",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан