
18-19-ноябрда Бишкек шаарында кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп, ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат.
Жарманкеде ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукциялары коюлат.
Иш-чара Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде саат 8:00дөн 18:00гө чейин өтөт.
Ага катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 34 60 60 телефон номерине кайрылып, толук маалымат ала алат.