
Бүгүн, 17-ноябрда Бишкекте саат 16:00дөн тарта кайрадан жолдор жабылып, бардык троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгы билдирет.
Жолдордун ачылышы жана жабылышы тууралуу алдын ала маалымат берилип турат.
Белгилей кетсек, мындай чаралар КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясын өткөрүүгө байланыштуу.