Эртең, 18-ноябрда Бишкектин чыгыш тарабында муздак суу болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сууну өчүрүүгө диаметри 500 миллиметр болгон магистралдык суу түтүгүндөгү авариянын жоюлушу себеп болгон. Чоң диаметрдеги магистралдык суу түтүгүн оңдоо өтө татаал жана эмгекти көп талап кылган процесс.
Саат 9:00дөн баштап саат 24:00гө чейин таза суу берүү Учкун кичи районунда жана Учкун конушунда токтотулат.
"Бишкексууканал" башкармалыгы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, ишканаларды, мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди, ошондой эле калкты ичүүчү суу камдап алууларын суранат", - деп билдиришти мекемеден.