Бишкекте нан менен көмүр баасы боюнча айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-16-ноябрь күндөрү Бишкек шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери, Октябрь жана Ленин райондук администрациясынын жана салык кызматынын өкүлдөрү менен нан баасына мониторинг жүргүзүштү.
"Жыйынтыгында тандыр нан саткан ишкерге 3 протокол түзүлүп, 9 миң сом, көмүр сатуучуга 5 миң 500 сом айып пул салынды", - деп айтылат маалыматта.