Биз социалдык тармакта

Баткен шаарында жол тыгынын азайтуу максатында кошумча жол курулду

Баткен шаарында жол тыгынын азайтуу максатында 22 чакырым кошумча жол курулду. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жол Ош - Баткен - Исфана жолунун Баткен шаарын аралап өткөн бөлүгүндөгү унаа тыгындарын азайтуу, оор жүк ташуучу унаалардын шаарды айланып өтүүсүнө шарт түзүү, жарандардын коопсуздугун сактоо максатында курулду.

"16,2 чакырым болгон Чоң-Талаа-Кара-Бак-Баткен автожолу жана 6,2 чакырым болгон Баткен районунун Миң-Өрүк айылына кеткен жол курулуп, асфальт төшөлдү.

Жалпы узундугу 22 чакырым болгон жол үчүн республикалык бюджеттен 190 миллион сом каралган", - деп жазылды маалыматта.

Белгилей кетсек, бул жолдун пайдаланууга берилиши менен Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Кара-Бак айыл аймактарынын, Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары үчүн 8 километрге жол кыскарат. Ошондой эле Баткен шаарына кирбей, шаарды айланып өтүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан