Биз социалдык тармакта

Эдил Байсалов Санкт-Петербургда эл аралык IX маданий форумга катышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Санкт-Петербурда өткөн эл аралык IX маданий форумга катышты. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Байсалов анда "Орусия улуу маданияттын өлкөсү катары кылымдар бою дүйнөлүк цивилизациянын талашсыз борборлорунун бири болуп келгенин" айтып, азыр да бул өлкө жалпы адамзаттын жашоосуна жана дүйнө таанымына зор таасирин тийгизүүдө зор роль ойноп жатканын белгилеген.

"Бүгүн биз заманбап дүйнөдө актуалдуу болуп бараткан теманы – маданий эгемендүүлүктү талкуулап жатабыз. Ааламдашуу жана маалыматтык технологиялар доорунда ар бир өлкөнүн маданий мейкиндиги болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктарга дуушар болууда”, - деди ал.

Мындан сырткары Байсалов маданият согушу жаңы көрүнүш эмес экенин, бирок бүгүнкү күндө ал жаңы формаларга ээ болгонун айткан.
“Өзүнүн бай жана кайталангыс маданий мурастары менен Кыргызстан ар дайым маданиятын жана өзгөчөлүгүн сактоону, өнүктүрүүнү жактап келген. Биз маданий көп түрдүүлүктү урматтайбыз жана маданияттар ортосундагы диалогго умтулабыз. Ошол эле учурда уникалдуу маданий салттарды четке кагууга жана унутууга чечкиндүү каршыбыз. Маданий мурастарды сактоо жана маданий иденттүүлүктү жайылтуу туруктуу өнүгүүнүн жана тынчтыктын ачкычы”, - деди өкмөт башчынын орун басары.

Санкт-Петербург эл аралык маданий форуму - ар кандай маданияттардын жана улуттардын өкүлдөрүн бириктирген жыйын. Ага быйыл дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнөн өкүлдөр катышып, инновациялык долбоорлорду, өзгөрүп жаткан дүйнө маданиятынын жана искусствосунун абалын талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан