19-ноябрдан 21-ноябрга чейин жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт.
️Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолдор тайгак болуп, муз тоңорун эскертет.
"Каракол–Эңилчек унаа жолунун 74-86 чакырымдарында, Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактаңыздар", - деп айтылат билдирүүдө.