Талас облусунда курулуш учурунда бетон басып калган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Кечээ, 19-ноябрда Талас районунун Жоон-Арык айылындагы эскилиги жетип, колдонуудан чыккан маданият үйүн бузуу иштерин жүргүзүп жаткан жеринен 35 жаштагы Б.Ж. аттуу жаранды курулуш плитасы (бетон) эки бутун жоон сан этинен басып калган.
Жерине ӨКМнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын Талас шаардык ӨК бөлүмүнөн куткаруучулар тартылып, окуя болгон жерге ыкчам түрдө жардам көрсөтүлүп, жабыркаган жаранды "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.