Чүй облусунун аймагында бир жума ичинде 4 миң 411 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Чүй ОИИББи боюнча ЖКККБдан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан 10-ноябрдан 17-ноябрга чейин 4 миң 411 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 41;
- мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу - 60;
- автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 2;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-20;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу- 2131;
- башка унааларга тоскоолдук жаратуу жана жол белгилерге баш ийбөө-1257;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 385;
- “Авто Ураган” атайын аппарттык комплекси унааны каттоо тартиби чектелген, тергөө жана сот тарабынан чектөө киргизилген 30 унаа аныктады.
- ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 178 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
Маалыматта ЖКККБнын кызматкерлери, айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырды.