Биз социалдык тармакта

Бишкекте айрым социалдык объекттерде ичүүчү суу токтотулат (тизме)

Бишкекте 23-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, 7-кичи району №: 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 15/3, 173/2, 173/6, 16а, 16а/1, №20 мектеп (мурунку бала бакча), 7-кичи райондогу бала бакча 23/1 даректеринде таза суу убактылуу берилбейт.

"Ичүүчү сууну өчүрүү шаардык суу түтүк тармактарындагы диаметири 300 милиметр водоводтогу оңдоо иштерди жүргүзүүгө байланыштуу.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан