Биз социалдык тармакта

Нурдан Орунтаев Ысык-Көлдөгү мектептердин курулуш иштери менен таанышты

Ысык-Көл облусу боюнча Мамкурулуш тарабынан 7 мектеп пайдаланууга берилди, дагы 5 мектептин курулушу 15-декабрга чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Мамкурулуштун жетекчиси Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусундагы мектептердин жана бала бакчалардын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бүгүнкү күнгө карата Мамкурулуш облус боюнча 7 мектепти пайдаланууга берди, дагы 5 мектептин курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын 15-декабрына чейин бүткөрүлөт.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө Мамкурулуштун кызматкерлерине мектеп жана бала бакчалардын курулушун өз мөөнөтүндө бүткөрүү боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан сырткары, Нурдан Орунтаев курулушта пайдаланылган материалдардын сапатына, бекитилген дол-боордук-сметалык документацияга ылайык келишине өзгөчө көңүл бурууга чакырды",- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, мектептер менен бала бакчалардын курулушу президенти Садыр Жапаровдун жыл аягына чейин 100 мектепти бүтүрүү жөнүндөгү тапшырмасына ылайык республикалык бюджеттин эсебинен жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан