Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театры Бишкек шаарына чыгармачылык гастроль менен келет. Бул тууралуу аталган театрдын маалымат кызматы бүгүн, 21-ноябрда кабарлады.
Белгилүү болгондой, 22-ноябрда театрдын артисттери Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында акын жана драматург Алтынай Темированын калемине таандык, режиссёр Назгүл Мырзаканованын “Генийдин үрү” (Барпы апыз) драмалуу спектаклин шаар тургундарына тартуулашат.
Спектакль саат 18:00дө башталат.